www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5... 10°;

Талас облусунда 1. 6°, айрым жерлерде -1...-3°, күндүз 4...9°;

Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде-1..-3°;

Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 2... 7°,

күндүз 11...16°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0...-2, күндүз 5... 10°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3...+2°, күндүз 4...9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7° суук, күндүз 1...6°;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13°, күндүз - 1...-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости