www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мэрге Бишкекке катализатору жок автоунаа менен кирүүгө жана жүрүүгө тыюу салууну тапшырган маселе коомдо дагы деле талкууланып жатат. 

Чектөө жок дегенде 3 айга ноябрдан январга чейин иштеши керек. Буга байланыштуу Өкмөт башчы Жапаров: “Эксперттердин айтымында, абадагы канцерогендердин 35тен 45ке чейинки пайызы автоунаалардан пайда болот. Мындан улам балдар ооруп жатат”, — деп айткан. 

Мындан улам, зыяндуу газ көп бөлүп чыгарган катализатору жок машиналардын ээлери 7 500 сом, ал эми юридикалык жактар 23 000 сом айыпка жыгыла турган болууда. 

Бул боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаардык кайгуул кызматы менен биргеликте борбор калаада катализаторсуз жүргөн унааларды аныктоо боюнча иштерди күчөтмөй болушту. 

Мындай иш-аракеттер ышты алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Министрликтин көчмө постторунун инспекторлору газды анализдөөчү жабдыктар менен автомобилдерден чыккан зыяндуу түтүндүн көлөмүн текшеришет. Мындан тышкары, айдоочуларга милдеттүү түрдө унаада катализатор болушу керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Ушул жылдын 1-мартынан баштап 425 машинадан чыккан газдын көлөмү текшерилип, алты унаага 45 миң сом көлөмүндө айып салынган. Ошондой эле транспортту эксплуатациялоодогу эреже бузган 200 айдоочуга протокол түзүлгөн, аларга салынган айып 950 000 сомду түзөт.

Мындай жагдай жарандарды нааразы кылууда. Себеп дегенде учурда Бишкекте жүргөн машиналардын 80%нин катализатору жок. Эчак чыгарып сатып жиберишкен. Ошол машиналардын катализаторун сатып алуу иштери жүрүп жатканда Өкмөт тыйыш керек эле. Катализатор сатып алуучуларга айып пул салганда абал оорлошуп кетпейт болчу. Эми түштөн кийин кайдагыны чыгарып отурушат элди кыйнашып.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости