www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада каракчылык боюнча шектүү катары камакка алынган кыргызстандык Икрамжан Акрамжан уулунун туугандары ага жалган жалаа жабылганын, аны бошотуш үчүн полиция кызматкерлери акча доолаганын айтышууда.

22 жаштагы Икрамжанды полиция 12-февралда батирден кармап кеткен. Муну Арстанбаптагы атасы Акрамжан белгисиз бирөөлөр телефон чалып, уулун бошотуш үчүн 200 миң рубль сураганда гана билген.

- Мага баламдын телефону менен чалышты. "Балаңыз орусча билбейт экен, мен котормочумун. Жарым саатта 200 миң рубль салсаңар, кое беребиз" дешти. Балам шампунь чыгарган заводдо иштечү. Анын кылмышка барганына ишенбейм. Жоош, жаш.

Расмий булактардын маалыматы боюнча Икрамжан Акрамжан уулу 2018- жылдын 2-февралынан бери каракчылык боюнча шектүү катары издөөдө жүргөн. Аны Москванын Люберцы райондук полициясы кармап, тергөө иштери башталган. Акрамжандын укуктарын коргоого мамлекеттик адвокат бөлүнгөн. Орусиянын Кылмыш кодекси боюнча каракчылык айыбы боюнча бир жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости