www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракчылыкка шектүүлөр кармалды, деп билдирди 24-ноябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Кылмыш 17-ноябрда Кара-Балта шаарында болгон. Бейтааныш адамдар жергиликтүү тургундарга кол салып, жарандын уюлдук телефонун, жанындагы курбусунун сумкасын тартып алган.

Аталган фактылар Жазык кодексинин 201-беренеси («Каракчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган К.Э., 1981-жылы туулган Ж.Т. жана 1998-жылы туулган С.А. кармалды. Кармалгандардын бири убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости