www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Редакциябызга  Бактыбек Сыдыковдун Ноокенде элдин добуш сатып алуу аракети боюнча маалымат жазылган кат аны тастыктаган видео да келди. Таза шайлоо өткөрөлү деген президенттин аракетин колдоп, катачылыкка жол берген талапкерге чара көрсүн деген таризде жарыялап жатабыз. Анда сөз башынан болсун. 

Бактыбек Сыдыков Ноокенде айыл тургундарын шайлоодо ачык эле сатып алууга аракет жасай баштады. Ал жердештерине “фельдшер акушердик пунктту өз каражатыма куруп берем. Буга чейин футболдук аянтча куруп бергем. Дагы эмне керек болсо курам, мектеп, бала бакчаларга  керектүү нерсенин баарын алып берем” деп шайлоочуларга айтып жатат.

Урматтуу Борбордук шайлоо комиссиясы Бактыбек Сыдыковдун айтып жаткандары мыйзамга туура келеби же келбейби? Президент баш болуп, таза шайлоо өткөрүү ниетиңерди билдирдиңер эле. Добуш саткан да, сатып алгандар да жоопкерчиликке тартылат дедиңер эле. Бактыбек Сыдыков ал эрежени  уруп ойнобойм дегенсип, өз билгенин  жасап жатат го? Бактыбек Сыдыковго чара көрбөсөңөр, ал бул кылыгы менен таза шайлоо өткөрөбүз деген бийликти уят кылып жатат. 

Бактыбек Сыдыковдун элдин добушун алам деп элди сатып алууга аракет кылган фактылары жетиштүү. Сөзүм куру болбош үчүн дагы бир мисал келтирейин. Бактыбек Сыдыков Курама айылына өз каражатына футбол талаасына газон сатып бериптир.

Ал газонду жүктөп келе жаткан портердин шопуру кармалып, жыйынтыгында Бүргөндү айылынын ПОМуна Бактыбек Сыдыковдун Кочкор-Атадагы штабынан газонду жүктөгөндөр түшүндүрмө жазып, көрсөтмө беришти. Алар газонду Бактыбек Сыдыковдун штабынан алганын мойнуга алышты.

Бу шайлоочуларды ачык сатып алуу болбой эмне? Урматтуу президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы бул фактыга көңүл буруп коюуңарды суранабыз.

Себеби силер таза шайлоо өткөрөбүз. Өткөн каталарды кайталабайбыз деп жан үрөп жүргөндө, айрым талапкерлер ушинтип силердин жакшы ой-тилектериңерге жана аракеттериңерди жокко чыгарып, мурдагы адатын карматып жатышат.

Буга чейин да Бактыбек Сыдыков шайлоого катуу даярданып, үгүт кагазына былтыр кимге канча сомго жардам бергени жөнүндө маалымат жазып, шайлоочуларын кокодон алган. Ал жөнүндө маалымат каражаттарында кеңири жазылып БШК ага көңүл бурбай койгон.

Ал кагаздын маңызына көңүл бурсак, мен силерге жардам бергем эми силер мени шайлап бергиле дегенсип, элеттиктерди кокодон алгансыйт. Кыскасы, Бактыбек Сыдыковдой талапкерлерге көңүл буруп, шайлоодон четтетип, таза шайлоо өткөргүлө. Болбосо мына ушулар таза шайлоого шек келтирип, элдин нааразычылыгын жаратат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости