www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол жана Казарман аба майдандары 2019-2020-жылдары ремонттолот. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы 11 аэропорттун бешөөнүн эл аралык макамы бар. Экөөнүн сертификаты жок болгондуктан учуу тилкеси талапка жооп бербегенине байланыштуу иши токтоп турат.
- Өткөн жылдан баштап Жалал-Абад, Баткен аба майдандары оңдолуп, ишке берилди. Планга туура келбесе да Кербен аэропортунун учак тилкесин оңдоо жана аэровокзалын кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Жылдын аягына чейин бүтөт. Тамчы күнү-түнү иштей турган болуп, 90% жабдылды.
Учурда Жалал-Абад, Баткен жана Исфанага каттамдар аткарылып келет. Ал эми Казарман, Нарын, Талас, Каракол, Ысык-Көл жана Кербендеги аба майдандары көп пайдаланылбайт.
Булак: NazarNews.kg