www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарында 3 ай мурун жоголгон 17 жаштагы Аида Алмазбек кызы изделип жатат.
Каракол ШИИБдин маалыматына караганда, Аида 2017-жылдын 10-ноябрында дайынсыз жоголгон.

Ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып барган эмес. Анын ата-энеси милицияга кызынын жоголгондугу тууралуу арыз менен 1 айдан кийин — 13-декабрь күнү кайрылган.

Ошол күнү Аида жашыл түстөгү куртка, жинсы жана кыска кышкы бут кийим кийип жүргөн. Ошондой эле, анын жанында кара түстөгү сумка болгон.

Анын апасынын айтымында, кызы жоголгон күнү базарга барган. Ал базардан келгенде кызы үйүндө болбогонун белгиледи. Аида уюлдук телефонун үйүнө таштап кеткен.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, чачы кара, узун, көзү күрөң.
Аида Алмазбек кызы тууралуу маалымат же анын жүргөн жерин билгендер Каракол ШИИБге 0708 310 320 телефон номуру аркылуу билдирсе болот.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости