www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан Айзат Үсөнбаевага Каракол шаардык ИИБнын кызматкерлерине кылмыш иши козголбой калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучунун жактоочулары билдирди.
Алардын айтымында, аял Ысык-Көл облусунун прокуратурасына кайрылган. Ал өз арызында өзүн жана балдарын ур-токмокко алган күйөөсүнө чара көрүү талабы менен милицияга бир нече жолу кайрылганын, бирок милиция аракетсиз экенин билдирген.
Ал эми облустун көзөмөл органы бул кызматкерлер буга чейин тартиптик жаза алышкан жана кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоонун зарылдыгы жок деп жооп беришти.
Бул маалыматты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Эске салсак, 14-майда Каракол ШИИБге облустук ооруканадан 38 жаштагы Айзат Үсөнбаева аттуу майып аял денесинен алган жаракаты менен алынып келингени тууралуу маалымат түшкөн. Тергөө тобу ага күйөөсү денесине залал келтиргенин аныкташкан. Ал кармалып, СИЗОго киргизилген. Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин «Кыйноо» жана «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Июль айынын ортосунда иш сотко жөнөтүлүп, жыйынтыгында алты жылга эркинен ажыратылган.
Булак: NazarNews.kg