www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-мартта, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында Нооруз майрамына карата "Төгүлгөн ыры дайра, төкмөдөн күлүк Майра" аталышындагы эл аралык айтыш өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышууда.

Айтыш кыргыз- казак акындарынын катышуусунда өтүүдө. Жеңүүчүлөр тууралуу маалымат кошумча берилет.

Ал эми аталган иш чаранын алкагында азык-түлүк жарманкеси өтүп, шаар тургундары үчүн майрамдык маанай тартууланат.

Ошондой эле, сынактын жалпы байге фонду 1 миллион 200 миң сом. Анын 500 миң сомун Маданият министрлиги, 500 миң сомун Каракол шаардык мэриясы, ошондой эле 100 миң сомду Жогорку Кеңеш, дагы 100 миң сомду ЖК депутаты бергендиги айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости