www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шарында 18-мартта катуу жааган жамгырдан Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин жеп кеткен. Натыйжада 569 үйгө жана 11 мекеме-ишканага кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.
Ага байланыштуу мэр Эрнисбек Ормоков шаарга 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча буйрук чыгарды.
Буйрукка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча нөөмөттөр уюштурулуп, менчигинин түрүнө карабай инженердик техникалар даярдалат.
Булак: NazarNews.kg