www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапониянын TBS телеканалына берген интервьюсундап Александр Лукашенко - Украина Беларустай болушу керек деп айтып, Орусия менен Украинанын ортосунда мүмкүн болгон келишим тууралуу пикирин билдирди.

Беларус президенти Александр Лукашенконун япониялык TBS телеканалына берген интервьюсу YouTube каналында жарыяланды. Сүйлөшүүдө Беларус президенти Орусия менен Украинанын ортосунда мүмкүн болуучу тынчтык келишимине басым жасады. Жапон журналисти Орусия Украинага сунуштаган келишим тууралуу кененирээк маалымат сураган.

Буга жооп катары Лукашенко Украина Беларуссиядай болушу керектигин баса белгиледи. "Украина Белоруссиядай болушу керек. Орусияга кол салуу үчүн трамплин болбошу керек, ал өзөктүк куралга ээ болбошу жана Орусияны коркутпашы керек. Украинада жашаган адамдарга кандайдыр бир тилде сүйлөөгө тыюу салбашы керек, ал жакта орустар көп", - деди Беларус президенти. 

Ал ошондой эле өлкөдө эч ким бирөөнүн укугун тебелеп-тепсебеши керектигин белгиледи. "Эч кандай учурда ал жерде нацизм гүлдөп, ал фашизмге айланып кетпеши керек, биз өткөн кылымдын орто ченинде баштан өткөргөнбүз", - деп баса белгиледи ал.

Лукашенко азыр жаңжалды жөнгө салууга бир гана мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

"Азыр Орусия Украинага келишим сунуштап жатат. Эгер Украина Орусиянын келишимдерине макул болбосо, кайталап айтам, багынып берүү актысына кол коет. Кийин мындай мүмкүнчүлүк кайтланбайт. Ошондуктан, Украина ушул учурдан пайдалануусу керек. Бул Украина үчүн да, Орусия үчүн да, Беларус үчүн да пайдалуу болот. Эң башкысы келишимге азыр кол койсок миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калабыз”, - деп жыйынтыктады Беларус башчысы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости