www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Түштүк аскер округунун 8-армиясынын командачысы, генерал-лейтенант Андрей Мордвичев Украинадагы согушта курман болду. Бул тууралуу Украина президентинин аппаратынын, ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жана Ички иштер министрлигинин кеңешчиси Алексей Арестович билдирди.

Украин өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Донбасстагы аскердик операцияларга катышкан бөлүктүн командири Мордвичев Херсон облусунун Чернобаевка районунда украин куралдуу күчтөрүнүн соккусунан курман болгон.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 19-марттагы маалыматына караганда, Орусияда согуш башталгандан бери курман болгондордун саны 14,4 миң кишиден ашты. Бирок бул санга жарадарлар менен туткундар чогуу кирген-кирбегени белгисиз.

Украин өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Андрей Мордвичев Украинадагы аскердик операцияда окко учкан бешинчи генерал.

Буга чейин украиндер Чыгыш аскер округунун 29-бириккен куралдуу күчтөрүнүн командачысы, генерал-майор Андрей Колесниковдун жана Борбордук аскер округунун 41-бириккен куралдуу күчтөрүнүн эки генерал-майору Андрей Суховецкий менен Виталий Герасимовдун курман болгонун билдиришкен.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешине караштуу Дезинформация менен күрөшүү жана маалыматтык коопсуздук боюнча борбордун штабы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын штабы Росгвардиянын генерал-майору Магомед Тушаевдин курман болгонун кабарлаган. Чечен өкмөтү анын өлүмүн тастыктай элек. Курман болгондордун арасында 150-мотоаткычтар дивизиясынын командири генерал-майор Олег Митяев да бар.

Белгилей кетсек, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости