www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Уральск аймагында апасы соода борборунун эскалаторунда колунан түшүрүп алган тогуз айлык кыз ооруканада каза болду. Баланын өлүмү 19-мартта катталганын NUR.KZ маалымат агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришкендей, жабыркаган кыз эскалатордон кулагандан кийин дароо шаардык көп тармактуу ооруканага жеткирилген. Анын абалы өтө оор деп бааланган. Дарыгерлер бала беш метрдей бийиктиктен кулап кеткенин билдиришкен. 

"Балага баш мээнин жабык жаракаты деген диагноз коюлуп, мээсине кан куюлган. Жабырлануучунун абалы оор болгондуктан операция жасоого мүмкүн болгон эмес. Тилекке каршы, 19-март күнү кечинде кыз ооруканада каза болду", - деп билдирген облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы.

Эске салсак, бул кырсык 13-март күнү түштөн кийин Asia Mall соода борборунда болуп, окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланган. Каргашалуу окуяга ондогон адамдар күбө болгону айтылууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости