www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарынын муниципалдык жол чаба ишканасынын мурдагы директору жана курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын экс-директору Д.Э.Э. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2023-жылдын августунда Жакыпов көчөсүнүн 660 метр капиталдык ремонтуна "Г-У" ЖЧКсынын жетекчиси Г.Ш.Г.  менен  биргеликте 24,5 млн. сом суммасында сатып алуу жол-жоболорун бузуу менен түз келишим түзгөн.

Мындан тышкары, аталган участоктогу оңдоо иштери сапатсыз материалдарды колдонуу менен, ошондой эле 3 млн.62 миң сомго жумуштун көлөмүн жогорулатуу менен аткарылып, жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору Д.Э.Э. жана курулуш ишканасынын жетекчиси Г.Ш.Г. кармалып, 2 айга Каракол ШИИБдин тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Последние новости