www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин ноябрда Кыргызстанга келет - Россиянын элчиси

Россиянын президенти Владимир Путин ноябрда Бишкекке келет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов «Слово Кыргызстана» гезитине берген маегинде билдирди.

Ал ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин августта Кыргызстанга келерин белгиледи.

Ал Москва менен Бишкек союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн кандай биргелешкен кадамдарды жасап жаткандыгына токтолду.

"Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин ноябрда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Бишкекке иш сапары менен келет.

Андан сырткары жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустиндин август айында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Атага келиши күтүлүүдө. Бул сапарлар жакынкы келечектеги милдеттерди ишке ашырууга багытталган", - деп билдирди Вакунов.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Орусия президентине Путиндин ноябрда Кыргызстанга сапарын чыдамсыздык менен күтөөрүн айткан.

Последние новости