www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Lexus GX470 үлгүсүндөгү автоунааны токтотушту.
Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын алдыңкы айнегине мыйзамсыз караңгылатуу орнотулганы аныкталды. Ошондой эле айдоочу транспорт каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкарып жүргөнү белгилүү болду.
Аталган мыйзам бузууларга байланыштуу автоунаа айып короо жайына токтотулуп, айдоочуга карата тиешелүү укук бузуу тууралуу протоколдор түзүлдү.
ЖКККББ айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, бардык мыйзам бузуулар көзөмөлдө болуп, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.