www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен «Акыл Майдан» коомдук фонду уюштурган «Акыл Майдан» интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Таймаш Президенттин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын алкагында, Ысык-Көл облусунун Түп районунда өтүп жаткан «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл — уңгужол, жамааттардын демилгеси жана өнүгүүнүн келечеги» аттуу республикалык семинар-кеңешменин алкагында уюштурулду.
Жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун командасы биринчи орунду ээлеп, 250 миң сомдук баш байгеге ээ болду. Экинчи орунду Талас облусунун командасы алып, 150 миң сом утса, үчүнчү орун Нарын облусунун командасына ыйгарылып, аларга 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Ал эми төртүнчү орунду Чүй облусунун командасы багындырып, 50 миң сом акчалай сыйлык жана кубок менен сыйланды.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, «Акыл Майдан» долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө, билим деңгээлин жогорулатууга, лидерлик сапаттарын чыңдоого жана жаңы идеяларга болгон кызыгууну арттырууга багытталган.