www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз менчикке чыгарылган жер тилкелери менен объектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК Каракол шаарында жайгашкан “Асем” тиричилик комбинатын кайрадан муниципалдык балансқа өткөрдү. Объекттин имаратынын аянты 4028 чарчы метрди, жер тилкеси 0,5 гектарды түзөт.

Маалыматка караганда, 1993-жылы аталган кыймылсыз мүлк Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан аукционсуз жана түз сатуу жолу менен мыйзамсыз менчиктештирилген. Бул учурда 1991-жылдын 20-декабрындагы “Мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн жалпы принциптери жөнүндө” мыйзам бузулгандыгы аныкталган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө объект ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө Каракол шаардык мэриясынын балансына кайтарылып берилди.

Последние новости