www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облустук Т.Сатылганов атындагы кыздар жана балдар мектеп-интернаты толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Имаратты жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 477 миллион сомду түзөт.

Учурда объектте демонтаж иштери аяктап, имараттын чатыры жабылып, ички шыбак иштери жүргүзүлүүдө.

Мектеп-интернаттын жалпы аянты 10 650 чарчы метрди түзүп, үч корпустан турат. Имарат 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулган. Андан бери объект толук капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Капиталдык оңдоонун алкагында мектептин ички жана сырткы архитектуралык көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен модернизацияланат. Ошондой эле окуу корпусундагы класстар, компьютердик кабинет, жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык жасалат.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
 

Последние новости