www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров демилгелеген жана референдум тууралуу мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүүгө багытталган.
Бул тууралуу КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров баяндама жасап, долбоор референдум өткөрүү процессин заманбап шайлоо системасына ылайыкташтырууну көздөй турганын белгиледи.
Мыйзам долбооруна ылайык, референдум өткөрүүдө онлайн биометрикалык идентификация, бюллетенди автоматтык түзүү жана басып чыгаруу, аралыктан добуш берүү жана добуштарды автоматтык эсептөө механизмдери колдонулат.
Ошондой эле референдум тууралуу мыйзамдагы терминдер жана негизги түшүнүктөр колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жаңыртылат.
Мындан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору да биринчи окууда кабыл алынды.
Документ БШКнын ыйгарым укуктарын оптималдаштырууга, эскирген жоболорду алып салууга жана терминологияны колдонуудагы мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө багытталган.