www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Каракол шаарынын вице-мэри Эрмекан Дүйшөбаева 25-февраль — 1993–1999-жылдары Тажик-Афган чек арасында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүүгө катышкан жоокерлерди урматтоо күнүнө карата ардагерлер менен жолугушту.

Иш-чаранын негизги максаты — Тажик-Афган чек арасындагы аскердик аракеттерге катышкан жоокерлердин каармандыгын белгилөө, алардын Мекен алдындагы ак ниет кызматын даңазалоо, ошондой эле жаш муундарды мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбиялоо жана аскердик милдетти урматтоого үндөө болуп саналат.

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө запастагы подполковник Назарбеков Мелисбек Дубанбекович, ардагерлер Оболбеков Казбек Мелисович, Өмүрзаков Азамат Туратбекович жана Конокбаев Нурбек Сталбекович Каракол шаар мэриясы тарабынан Ардак грамота менен сыйланышты.

Мындан тышкары, жогоруда аталган ардагерлер Каракол шаардык аскер комиссариатынын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн бөлүмдөрү тарабынан да Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Эске сала кетсек, шаар мэриясы тарабынан ардагерлерге бир жолку акчалай сыйлыктар каралып, алардын атайын эсептерине которулду.

Мындай иш-чаралар Мекен үчүн кызмат өтөгөн жоокерлердин эрдигин даңазалоо менен бирге, коомчулукта патриоттук духту бекемдөөгө жана жаштарды өлкөнү коргоого даяр болууга шыктандырууга өбөлгө түзөт.

Последние новости