www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Финляндиянын президенти Александр Стубб тууралуу катуу сын-пикирин билдирди. Ал интервьюсунда Стуббду “неонацисттик лидерлердин бири” деп атап, Финляндиянын азыркы саясатын Орусияга каршы ачык конфронтация катары баалады.

Лавровдун айтымында, Стубб Украинага кеңири колдоо көрсөтүүнү, анын ичинде аскердик жардамды күчөтүүнү жактап келет. Ошондой эле ал Финляндия НАТОго кошулгандан кийин нейтралдуу саясаттан баш тартып, Батыштын Орусияга каршы багытын толук колдой баштаганын белгиледи.

Өз кезегинде Стубб буга чейин Орусиянын саясатын “империалисттик жана экспансиячыл” деп мүнөздөп, экономикалык басымды күчөтүү жана Украинаны колдоону улантуу керектигин айткан. Ал Давостогу форумда Финляндия өз коопсуздугун коргой ала турганын, армиясы күчтүү экенин билдирген.

Лавров тарыхый мисалдарды келтирип, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Финляндия жетекчилигинин тагдырын эске салды. Ошондой эле Европа коопсуздук системасы келечекте өзгөрүшү мүмкүн экенин кыйытты.

Лавров ошондой эле Стуббга тарыхый мисалды эскертти. Ал өз сөзүндө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Финландиянын президенти Ристо Рюти “Согушту козутканы үчүн” айыпталып, 1946-жылы соттолгонун, мындан улам, Сталин Финляндиянын мамлекеттүүлүгүн сактап калууга уруксат бергенин айтты.

Последние новости