www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Семинардын негизги максаты — кызматкерлердин иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жана так жүргүзүү жөндөмүн жогорулатуу, расмий сүйлөө маданиятын калыптандыруу жана кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Окуу учурунда катышуучуларга кызматтык каттарды, буйруктарды, протоколдорду жана башка расмий документтерди туура жазуунун эрежелери кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле орфографиялык жана стилистикалык талаптар, расмий-иш кагаздар стилинин өзгөчөлүктөрү боюнча практикалык тапшырмалар аткарылды.

Мугалимдер тарабынан тилдин тазалыгын сактоо, терминдерди туура колдонуу жана коомчулук менен баарлашууда мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу маселелери да баса белгиленди. Катышуучулар суроолорун берип, өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мындай семинарлар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана ишмердүүлүктө кыргыз тилинин кеңири колдонулушуна өбөлгө түзөрү айтылды.

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга пайдалуу маалыматтар менен коштолду.

 

Последние новости