www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин РИИБ кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан аша чабуу жана физикалык күч колдонуу фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Тактап айтканда, Ленин РИИБдин участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери административдик укук бузууга («майда бейбаштык») шектелген КР жараны Л.Т.Д.ны №2 шаардык милиция бөлүмүнө жеткиришип, өздөрүнүн күчүн жана бийлигин көрсөтүү максатында, эч кандай негизсиз кармалган жаранды сабап салышкан.
Алган жаракаттарына байланыштуу Л.Д.Т. тез жардам бригадасы тарабынан Улуттук госпиталга жеткирилип, стационардык дарылоо дайындалган.
Эксперттик корутундуга ылайык, Л.Д.Т. төмөнкүдөй дене жаракаттарын алган: баш мээнин чайкалышы менен коштолгон жабык баш мээ жаракаты, эки омуртканын туурасынан кеткен өсүндүлөрүнүн сынуусу менен коштолгон жүлүндүн жабык жаракаты, ошондой эле бет жана бел тарабынын жумшак ткандарынын көгөрүшү.
2026-жылдын 21-февралында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында милициянын кенже лейтенанты Р.у.М. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.