www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссиянын маалыматын угуп, андан кийин жыйынтык чыгарабыз. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

«Эсиңиздерде болсо 2020-жылы бизнести, мамлекеттик ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизгенбиз. Бул жылдын башынан баштап бардык министрликтерди, мамлекеттик мекемелерди текшерүүгө уруксат бергенбиз.

Себеби иш кагаздарында, финансылык иш жүргүзүүлөрдө мыйзам бузуулар көбөйүп кетти деген маалымат келген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура финансылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылган.

Эгер чындап эле мамлекетке келтирген зыяны болсо, мейли, ким болбосун сурагыла дегем. Реабилитациялык балдар борборунун ачылышынан кийин сурайлы деп күтүп жүрүшсө керек. Кечээ күнү кармап кеткенин көрүп, бүгүн комиссия түзүп, жибердим. «Өзүм үчүн билейин. Калыс козголгонбу же жокпу тактап келип бергиле» деп. Мен калыс болушум керек.

Анткени коомчулукта «башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган» деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз», - деди президент Жапаров.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгоду.

Эске салсак, Бейшеналиев кечээ, 2-июнда бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгону айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости