www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карамат Орозова:

Баткенге өзгөчө статус беребиз деп жатышат. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктарын кеңейтүү шарт. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты, Карамат Орозова чек ара маселеси боюнча NazarNews маалымат агенттигине билдирди. 

"Бийликке бардык укук берилди. Бул маселе чечилиши керек. Аны чечүү үчүн конкреттүү иш-чара болушу зарыл. Баткенге өзгөчө статус беребиз деп жатышат. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктарын кеңейтүү шарт. Чек ара маселеси боюнча каржыны аябаш керек. Чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары көчүп азайып баратышат. Аларга дагы материалдык колдоо көрсөтүү керек. Алар кыйынчылыктан тажашты. Чек арага өзгөчө көңүл буруу шарт. Азыр жерди алмашуу жолу менен чечебиз десе, албетте баардык тармак кылдат каралыш керек. Мисалы, жер, суу  жана жол байланышта болуп саналат. Себеби, коңшу өлкөлөр менен булар чырмалышып калган. Андыктан карапайым элге ыңгайлуу болушу үчүн коңшу мамлекеттер менен жакшы сүйлөшү зарыл. Мен Баткен облусунун губернаторунун биринчиорун басары болуп турганда кптөгөн маселелер жакшы жактан чечилип калган. Мындай тоскоолуктар, түшүнбөстүктөр болгон эмес. менин оюмча ал жака жакшы кадрларды алып барыш керек", - деди Карамат Орозова.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости