www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда «Темрин» адабий журналы бир санын кыргыз жазуучусу Султан Раевге арнады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин баракчасында жарыяланды.

Журналдын башкы редактору Шериф Йылмаз кыргыз жазуучусун «бир гана кыргыз улуттук адабиятынын эмес, азыркы түрк адабиятынын мыкты өкүлү» деп атаган.

Белгилей кетсек, Султан Раевдин аңгемелери жана повесттери орус, түрк, кытай, англис, француз, украин, казак, өзбек тилдерине которулган.

Автордун драмалык чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө сахналарда коюлган. Жазуучунун чыгармачылыгы боюнча изилдөө иштери жүрүп жатат.

Султан Раев Евразия жазуучулар союзунун мүчөсү.

Эскерте кетсек, журнал буга чейин өз сандарын кыргыз адабиятынын классиктери Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун чыгармаларына арнаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости