www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанында жалаң “Кудайдан жөө качкандар” жүрөт. Булардын катарында Ирина Карамушкина деген айым да бар. Кыргызстанда жүргөндө башкача маселелерди кабыргасынан койсо, бир аз узагандан кийин Россияга бараары менен кыргыздарды жамандай баштаган оорусу бар. КР ЖК депутаттары менен Россияга расмий визит менен барганда:”
"Кыргыздар орустарды басынтып, кыргызча сүйлөгүлө деп мажбурлаганынан сыртка чыга албай калдык. Куурадык, Кыргызстандагы орустарга жардам бергиле!"-деп каңкуулап коллегаларын ынгайсыз абалда калтырганын депутат Э.Сурабалдиева ушу күнгө чейин айтып келет. И. Карамушкинанын мындай позицияны ээлешинин артында эмне бар? Кыргыздын жеринде жашап, калп эле тил үйрөнүүгө аракеттенимиш болгону менен котур ташы койнунда болуп жатпайбы?
Же Жогорку Кенеште Кыргызстан элинин эмес эле Россиянын өкүлү болуп олтурабы? Деги кантип депутат болду эле?
А балким, депутат айымыбызда Россия жарандыгы бар болуп жүрбөсүн? Иринанын эч качан бир нерсеге ыраазы болгонун көрө элекбиз. Дайыма шовинисттик кептерди сүйлөйт. Анысын айтсаң “Кыргызстанда орустарды дискриминация кылып жатасынар!”-деп айгай салат. Ар дайым жумурткадан кыр издейт. Туулган күнүм болуп, 55ке чыгып жатсам куттуктап койгонго жараган жоксуңар деген таризде спикерди омуроолойт да, “Карамушкина баарындардын чекесине чыккан чыйкан болду го”-деп нааразы болот. Кыскасы, Карамушкина Кудайга да нааразы!
Эжекебиз мамлекеттик кызматчылар милдеттүү түрдө тил билишине таптакыр каршы пикирде: "Когда я училась в школе и вузе, государство не создало условий для нормального изучения кыргызского языка. Я три года изучаю его, но не выучила на том уровне, чтобы свободно на нем говорить. И если завтра будет принят закон, требующий знания госязыка, то я и другие граждане могут просто быть вымыты с госслужбы. Это дискриминация по языковому признаку", - сказала Карамушкина. (биз бул жерде өз сөзүн өз тилинде бердик, болбосо танып коймой адаты бар).
И.Карамушкинанын дагы бир ит адаты бар. Ал карыз сурамай. Анысын өмүрү кайтарбайт. Бөтөн, Алмазбек Шаршеновичтин чөнтөгүн какканды жакшы көрөт. Анысы, өтө ишенчек, сураганын карматат. Кептин ачыгы, И.Карамушкина күн тийген жердин күкүгү. Башкалардын кемчилигин айтса, тилинен чан чыгат да өз жоопкерчилигине келгенде балык болуп туруп берет.
Кыскасы, Ирина айым, деги Сиз кимсиз? Кыргыз элин колдогон эл өкүлүсүзбү, кыргыз жерин кордогон Россия жаранысызбы?
Булак: NazarNews.kg