www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыркы карантин мектеп окуучуларына катуу таасир этти. Ыраматылык билим жана илим министри Каныбек Исаков жазгы каникулдан соң онлайн менен окутууну баштаган. Аны үйрөнүп, бир тартипке келе алышпай окуучулар да, мугалимдер да бир топко кыйналышты. Учурда дагы коронивирустун дагы бир толкуну келе жатат деген сөз болуп жатат. Мектеп окуучулары онлайнды чемичкедей чагып калышкан. Бүгүн жазгы каникул бүтүп, мектеп окуучуларынын акыркы, төртүнчү чейреги башталды. Ким багыт бергени билинер, бирок окуучулар үчүн туура багыт тандалган. Мектеп окуучулары жарым онлайн системасына өтүштү. Башталгыч класстарга  балык үчүн суудай керек предметтер математика, жазуу сыяктуу сабактар мектептен окутулуп, дене тарбиясы, эмгекке үйрөтүү, мекен тануу сыяктуу көмөкчү сабактар онлайн тибинде окутула турган болду.

Билим жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевке:

Мектепти  агайлардан алып берип,

Этектеп эжейлерге салып бердик.

Эжейсиз иштер бүтпөй мектепте эч,

Эркектер иштеп калды барып келип.

Этектүү көйнөк кийген ак жоолукчан,

Эжейлер мектептерге толуп алган.

Агайлар алар менен жүрө берип,

Калпакчан «эжей» атка конуп алган.

«Калпакчан эжей» атка конуп алып,

Калп эле эжейлердей болуп алып.

Агайлар аял сымаал жүрө берет,

Кез-кезде жүз граммдан согуп алып.

Он бир жыл эжейлерден билим алган,

Окшошуп эркектерче кийип алган.

Окууну кыз мүнөздүү балдар бүтөт,

Орусча сөгүнгөндү билип алган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости