www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мамлекетке келтирген 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурду. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, мыйзамсыз баюу фактысынын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында депутат Марат Аманкулов 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которду. Ал эми зыяндын калган бөлүгүн келтирилген зыяндын көлөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөйт.
"Марат Аманкулов кызматта турганда мыйзамсыз баюуга, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөй коюуга шектелген. Ошондой эле анын жакын туугандары жана аффилирленген адамдары тарабынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышкандыгы, алардын жалпы баасы расмий кирешелеринен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөн бир нече эсе ашыкча экендиги аныкталган.
Кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн белгилерин жашыруу максатында, активдердин кирешелери расмий тастыкталбаган жакын туугандарына каттаткан. Мүлктү легалдаштыруу максатында банк мекемелеринде кредиттик насыя алуу жолу менен, активдерди жакын туугандарына каттаганы аныкталган. Марат Аманкулов 2008-2020-жылдар аралыгында өзүнүн саясий таасиринен жана Бишкек шаардык кеңешиндеги абалынан пайдаланып активдерин кыйла көбөйткөн деп болжолдонууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg