www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте быйыл коронавирус пандемиясына байланышкан карантин учурунда милиция кызматкерлери менен чатакташкан кыз үч жылга кесилди.

Сот иштери жана чечимдеринин маалыматтык базасы - Sot.kg сайтындагы маалыматка караганда, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Нурлан Эсенбаев бул иш боюнча 4-августта өкүм чыгарган. Ага ылайык, 22 жаштагы кыргызстандык жаран Кылмыш кодексинин 355-беренесинин экинчи бөлүмү («Бийлик өкүлүнө карата коркутуп-үркүтүү же зомбулук») менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган.

Жаза өтөө мөөнөтү бул жаран кармалган 11-апрелден тартып эсептелинсин деген чечим чыккан. Ошол эле маалда ал "Мунапыс жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде бошотулган.

Соттук териштирүү учурунда айыпталган кыз күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алган. Базарга баратканда милиционерлер кыргыз тилинде сүйлөп кайрылганын, алардын эмнеге токтотконун түшүнбөгөнүн, колунан кармап документ сурашканын, жакын жерде жашагандыктан эч нерсе албай чыкканын билдирген. Милиция кызматкерлери колунан кармагандыктан пикир келишпестик чыкканын, алар камерага тартып алганын айткан. Милиция кызматкерлерине акаарат келтиргенин моюнга алып, стресс абалында болгонун белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости