www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Исабеков дүйнөдөгү болуп жаткан кырдаал тууралуу жалпы кыргызстандыктарга Кайрылуу жасады.

Урматуу мекендештер!

Азыркы маалда эң кыйын деген Америка менен Европада коронавирус (COVID-19) вирусунан ооруган жана өлгөн адамдардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Көптөгөн проблемаларга бүткүл дүйнө жүзү да чалдыкты. Тилекке каршы биздин өлкөдө дагы бүгүнкү күндө 377 адам бул илдетке кабылып, бешөө көз жумду.

Мамлекетибиздин экономикасы төмөндөөдө, социалдык жана психологиялык абал курчууда. Чет мамлекеттерде жашап, иштеп жүргөн миңдеген жарандарыбыз мекенибизге келе албай, кыйналууда. Күнүмдүк оокатын таап, үй-бүлөсүн багып, иштеп жүргөн көптөгөн кишилер наны жок калды. Бюджетке салык төлөп жана жумуш ордун камсыз кылып турган көптөгөн ишканалар токтоп турат.  Жардам сурап республикалык штабга кайрылгандардын саны бир күндө эле 20.000ден ашууда. Кыргызстандын сырткы карызы да өсүүдө. Айта берсек кемчиликтер дагы көп. Ошол эле маалда, белди бекем бууп, чыдасак болот. Кайрат кылалык. Кыргыз элинин башынан мындан дагы оор замандар өткөн. Алып айтсак 1916-жылкы Үркүн, СССРдеги граждандык согуш, Экинчи Дүйнөлүк жана Улуу Ата-Мекендик согуш, өткөн эки революция ж.б. ошол кыйынчылыктарды эрдик менен биримдикте, ынтымакта, тартиптүүлүк менен элибиз жеңген. Оор убактарда баары бир кишидей болуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ийгиликке жеткен. Бул заман дагы өтөт, Кыргызстандын жарык келечеги бар экенине ишенем! Баса белгилей кетсем, азыркы учурда айыл жашоочулары тартипти, коопсуздукту сактоодо шаардыктарга үлгү болууда. Алар өзүлөрү демилге көтөрүп, жол бойлоруна боз үй тигип, тамак-аш менен камсыздап, дежурство уюштурууда.  Ал эми борбор шаарыбызда болсо күнүгө коменданттык саат тартибин бузуп, ондогон кишилер кармалууда.

Ар бирибиз жоопкерчиликти сезип, өзүбүздүн, үй-бүлөөбүздүн, туугандарыбыздын, элибиздин ден-соолугун, келечегин ойлосок, чыдамкайлык менен үйүбүздө отуралык. Бул да болсо коронавируска каршы күрөшүүгө кошкон салымыбыз болот. Мен да обсервациядан чыгып, азыр 3 жумалык карантиндемин. Колубуздан келишинче муктаж адамдарга жардам көрсөтүп, бири-бирибизди колдойлу. Өзгөчө кырдаал аяктаары менен эл аралап, моралдык жана материалдык жардам көрсөтүүнү пландаштыруудамын.       

Мына бүгүн биздин медицина кызматкерлерибиз көп кемчиликтерге карабай, кабак – кашым дебей, баатырлык менен күнү-түнү эмгектенүүдө. Жан кейиткени, алардын арасынан 63 дарыгер бул илдетке кабылганы. Врачтарга азыр элибиздин ыраазычылыгы, мактоосу жарашат. Мен дагы буга кошулам. Элибиздин ден-соолугунан, адамдын жашоосунан кымбат эч нерсе жогу баарыбызга белгилүү эмеспи.

Бүгүнкү коронавируска каршы күрөшүү фронтунда медиктердин катарында бирге жүргөн милиционерлерди, Өзгөчө Кырдаал министирлигинин, Улуттук гвардиянын солдат, офицерлерин жана карантин кызматкерлерин дагы унутпашыбыз керек. Алар дагы суукта, үй-бүлөсүнөн алыста, ачка-тогуна карабай, кээ бир жарандарыбыздын ачуу уруш сөздөрүнө, кылыктарына, тартипсиздигине чыдап, элибиздин кызматында. Өкүнүчтүксү, алардын арасында дагы коронавирус жугуп, больницага жаткандары бар.

Билим берүү тармагына да өзгөчө көнүл бөлүү абзел. Айласыздан дистанциялык окууга мектептер, орто жана жогорку окуу жайлары мажбур болушту. Тилекке каршы, бул билим берүү методуна даярдык жок экени сезилүүдө. Өлкөбүздүн кээ бир алыскы айылдарында интернет жокко эсе. Көпчүлүк үй-бүлөөлөрдө, ал тургай мугалимдерде акча-каражатынын тартыштыгынан комьютерлер жетишсиз. Ошол себептен компьютер жана интернетти колдонуп, окууга шарттары жок. Ал кыйынчылыктарга карабай, мугалимдер окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, билим берүүгө талпынып жатышат. Ата-энелер, коронавируска карата үйдө отуруп калган балдарды уруша эле бербей, мугалимдердин аракети менен бирдикте окутууга, тарбиялоого аракет кылалы.

Бул дүйнөлүк жаман оору келечекте кайсыл тармактарга өзгөчө көнүл буруубузду тастыктады. Ал саламаттык сактоо, билим берүү жана укук коргоо багыттары. Өнүккөн мамлекеттерде булар биринчи орунда турат. Билим берүү жагы мамлекеттин фундаменти, келечеги. Медицина тармагы элибиздин ден-соолугун сактайт. Ал эми жарандарыбыздын укугун жана коопсуздугун камсыздоо, укук коргоо органдарында экени баарыбызга белгилүү. Мына ушул 3 министирликтин кесипкөйлөрүн кадырлап, барктап, жогорку деңгээлде даярдап, тиешелүү айлык акылар, техникалар жана социалдык жактан камсыздап туруубуз зарыл экенин турмуш тастыктады.

Буюрса коронавирус кризисинен чыкканда Президентибиз С.Жээнбеков, Кыргыз Өкмөтү, Жогорку Кенеши татыктуу кызматкерлерди, моралдык жана материалдык колдоо иретинде Мамлекеттик, Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырат деп ишенем. Ал эми бизди ойго салганы: Өкмөтүбүздүн жоопкерчиликти мойнуна алып, элди бириктирип, ишендирип, бүгүнкү оор илдеттен өлкөбүздү алып чыгуучу жана андан кийинки экономиканы калыбына келтире турган, жашоо- турмушту оңдой турган программасынын жоктугу болууда. Лидер чыгып, элди алыга алып кетиши керек!

Айта берсе арман көп дебей, коронавирусту жеңүүгө ар бирибиз өз үлүшүбүздү кошолу. Кыргыз элине кайрылаар элем: Биригелик! Ынтымакта, жогорку тартиптүүлүк менен бул ооруну жеңелик! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, ийгилик каалаймын! Жашасын Кыргызстан! Урматтоо менен Кубанычбек Исабеков.

Булак: NazarNews.kg                                   

 

 

 

Последние новости