www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр ушул убакта пандемиянын запкысын көрүп жаткан элибиз үчүн өзгөчө абал, коменданттык саат жарыялоо менен карантин киргизилген. Бир гана Кыргызстанда эмес. Коронавирусту расмий бир да адамга жуктурбаган Түндүк Корея аралдарда жайгашкан мамлекеттерди кошпогондо жер шаарындагы бирден –бир коронавирус жукпаган өлкөгө айланган. Таң атпай маалыматтар коронавирус деп какшанып, коронавирус деп бүтүп, ал эмес түшүбүзгө да карантин кирип калган. Эки айлык карантин ичинде адамдардын психикасы олуттуу өзгөргөн. Оору десе селт этип чоочуп кеткен макулуктарга айландык. Ошондуктан, карантин бүтөөр менен пневмония жабышып, далай мыкты адамдарыбыздан айрылдык.
Карантин кирет: Өзгөчө абал, коменданттык саат жарыялоо боюнча сөз жок
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эгер коронавируска байланышкан абал начарласа чектөө киргизилиши мүмкүн экенин учурда абал көзөмөлдө экенин айтты. Бейтаптардын саны Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө көбөйүп баратканына кабатыр болду. Бейшеналиев жуктургандардын санынын өсүшүнө авиакаттамдардын жанданышы себеп экенин, анткени эпидемиологиялык кырдаал анча жакшы эмес өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар бар экенин белгиледи. "Көз салып турабыз, эгер ооругандар көбөйсө чара көрөбүз. Окумуштуулар 100 миң адамга туура келчү учурду санайт. Азыркы тапта статистика анчалык кооптуу эмес", — деди ал. Аткаминердин айтымында, эгер оору жуктургандар көбөйүп кете турган болсо, мектеп менен бала бакчалар жабылып, массалык иш-чараларга тыюу салынат. . "Башкача айтканда, былтыркы жылдын күз айларындагы чектөөлөргө кайтышыбыз мүмкүн. Мисалы, кафе-ресторандарда 50дөн ашпаган киши отурушу керек. Бизнестин ишин толук токтотуп коё албайбыз. Өзгөчө абал, коменданттык саат жарыялоо боюнча сөз жок, бирок баарын убакыт көрсөтөт", — деди Бейшеналиев.
Буга чейин анын орун басары Нурболот Үсөнбаев эгер эл санитардык нормаларды сактабаса жана оорулуулардын саны көбөйсө чектөөлөр киргизилиши ыктымал экенин билдирген. Расмий статистикага ылайык, бир суткада илдет жуктургандардын саны жүздөн ашкан жок, бирок төртүнчү күн катары менен дартты илештирип алгандар айыккандардан кыйла көп болуп жатат.
Коронавирус жана тышкы саясат
Бул дарт илгиртпей шар кирип келер менен вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштеги шалаакылыктары үчүн кызмат орундарынан «шалп» этишкен. 2019-жылы эле Кытайда бул оору башталып, гуманитардык жардам катары белгилүү ишкер Аскар Салымбеков Кытайга 50 миң бет кап бергени талкууга түшкөн. 2020-жылы донорлор Кыргызстанга жалпысынан 774 миллион долларлык жардам көрсөтүүгө убада беришкенин, бул акчанын 343 миллиону бөлүнүп берилгенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган. Тыштан жардам коронавируска каршы күрөш үчүн гана эмес, бюджетти колдоо үчүн да суралганы, бөлүнүп берилген 343 миллион доллардын 271 миллиону насыя, 72 миллиону грант катары келгени маалым болгон. Кыргызстанда башка мамлекеттер сыяктуу эле коронавирус бир тараптан жүрөгүнүн үшүн алса, бир жагынан пневмония илдети эч кандай белгилери байкалбай эле өөрчүп шаштыны кетирген. Мындай кыйынчылык башка түшүп жатканда мамлекет тарабынан эмне жардам болор экен деп эл күтүп турушту. Бирок, мурун алынган тышкы карыздар эле Кыргызстанды муунтуп келаткан. 2020-жылдын жарым жылдыгы үчүн мамлекеттик карыздарды тейлөө үчүн эле 15 миллиард 972 миллион 100 миң сом кетти. Алардын ичинде мамлекеттик тышкы карыздарга 7 миллиард 608 миллион 300 миң сом кетсе, мамлекеттин ички карыздарына 8 миллиард 363 миллион 800 миң сом кетти.
Өнүккөн жыйырма мамлекеттин тиешелүү адамдары жолугушкан учурда башка карызы бар мамлекеттердин тышкы карыздарын коронавирустун жайылып жатканынан улам убактылуу токтотуп туруу маселеси каралган. Кытай өнүккөн жыйырма мамлекеттердин карыздарды тейлөө төлөмүн токтотуу демилгесине активдүү катышкан. Ушундан улам Кытай 1 миллиард 800 миллион доллар бересеси бар Кыргызстандын карыздарын токтотуп жатат. Карантин учурунда Кыргызстандын экс -президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын башчысы Си Цзиньпинь менен телефон аркылуу сүйлөшүп, карызды төлөөдө жеңилдик берүүсүн өтүнгөн. Кытай өнүгүп келе жаткан 77 мамлекеттен карызды өндүрүүнү убактылуу токтотууну жарыялаган.
Коронавирус дартына каршы жардам берген адамдарды камап салып каякка кол сунабыз?
Ушундай оор кырдаалдарда жардамга колун сунган өлкөлөр да, жеке ишкерлер да болду. “Өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп, эл оорудан запкы жеп жатканда элге бериле турган гуманитардык жардамдарды ашап пайда тапкандар да болду. Эми ар кандай адамдар болот, оор кырдаалдар учурунда Матраимов тарабынан кыргыз элине кандай жардамдар берилгени тууралуу айтып жатсак, “Мен алган эмесмин” дегендер болуп жатат. “Сиз ооруган да жоксуз, ылайым оорубаңыз” -дедик. Кыргызстанда 6 жарым миллион калк жашайт. Анын ар бирине гуманитардык жардам бербесе да, тиешелүү адамдарга ушундай мүшкүл түшүп жатканда Раим Матраимов сыяктуу инсандарыбыз кол куушуруп отуруп албастан эли үчүн тикесинен-тике туруп жардамын аяган эмес. Коронавирус дартына каршы жардам берген адамдарды камап салып каякка кол сунабыз. Биздин өлкөдө өзү ооруп, өзү гана эмес жакындары дартка чалдыгышып, айласын таппай турган адамдарга жардамын аябаган адамдардын бири Раим Матраимов:
Биринчиден, Саламаттыкты сактоо тармагы үчүн жардам бергени:
-19 ИВЛ каражаты
-20,000 экспресс тесттер
-250,000 медициналык маскалар
-500 коргоочу костюм
-500 көз айнек
-10 тепловизор
Экинчиден, Республикалык фонддун эсебине которгон:
-10,000,000 сом
Үчүнчүдөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төмөнкүдөй жардам берген:
-1500 тонна ун
- 50 тонна өсүмдүк майы
Төртүнчүдөн, Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардын жашоочуларына жардамы:
- 20 тонна азык-түлүк баштыктары таратылды
Бешинчиден коронавирус учурунда түзүлгөн Ыктыярчылар аркылуу кайрымдуулук кылганы:
-235 тонна ун
- 92000 даана медициналык маскалар
-10,5 тонна өсүмдүк майы
Алтынчыдан, карантин учурунда Ош комендатурасына көмөгү:
-25 тонна ун
Жетинчиден, карантин учурунда Жалал-Абад комендатурасына берген жардамы:
-22,5 тонна ун
Сегизинчиден, карантин учурунда Бишкек комендатурасы көмөгү:
-22,5 тонна ун
Тогузунчудан, Ички иштер министрлигине:
5 миң медициналык маска берген.
Онунчудан, Таш-Көмүр шаарына:
5 миң медициналык маска берген.
Он биринчиден, Ноокен шаарына:
5 миң медициналык маска берген.
Он экинчиден Исмаил Матраимов атындагы фонд Ош жана Бишкек шаарларында 2 стационар ачып, 30 күндүн ичинде бейтаптарды акысыз кабыл алды.
Он үчүнчүдөн Стационарларга бөлүнгөн каражаттар:
-500 кычкылтек концентратору
-6200 медициналык маска
-200 дарыгерлердин коргоочу костюмдары
-10 жасалма дем алдыруучу шаймандар (IVL)
-50 оксиметр кандагы кычкылтекти анализдөө үчүн
Он төртүнчүдөн, Ош шаарында ачылган “Андрос-Ош” стационарында иштеген 16 дарыгердин жардамы менен 127 бейтап айыгып кетти. 66 дарыгер иштеген Бишкектеги “Rixon” стационарында 1222 бейтап коронавирус илдетинен арылышкан.
Он бешинчиден, Фонд 2 портативдик рентген аппаратын сатып алып, анын жардамы менен өлкөнүн бардык аймактарындагы тургундар акысыз текшерүүдөн өтө алышты.
Он алтынчыдан, ошондой эле, ар бир региондо дарылоо бөлмөлөрү ачылган, анда бейтаптар медициналык адистерден квалификациялуу кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк алышты, булар:
- Ош шаары
- Чоң-Алай району
- Жалал-Абад шаары
- Бишкек шаары
- Чүй облусунун Ысык-Ата району
- Ош облусунун Араван району
- Сокулук району, Военно-Антановка айылы
- Баткен облусунун Исфана районуна тиешелүү Кулунду айыл округу
- Отуз-Адыр айыл өкмөтү
- Куршаб айылы
- Арашан айылы, Аламүдүн району
- Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтү
- Өзгөн районунун Зергер айылы
- Сокулук районунун Күн-Туу айылы
- Сокулук районунун Орок айылы
- Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү
- Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылы
- Каратай айылы
- Нариман айыл өкмөтүнүн Лангар айылы
- Нарын областы
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району
- Жалал-Абад облусунун Аксы району
Он жетинчи Сокулук аймактык ооруканасынын Стандартташтыруу жана метрология борборуна тез жардам унаасы тапшырылды.
Он сегизинчи, Фонддун демилгеси менен “Эс ал” мейманканасынын базасында атайын ыктыярдуу топ түзүлүп, муктаж болгондорго кычкылтек концентраторлорун жеткирип, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын тургундарына медициналык кеңештерди беришкен.
Он тогузунчу, Рамазан айында фонд тарабынан 10 миң азык-түлүк себети таркатылды:
Ош облусунда:
-225 тонна ун
-70,000 даана медициналык маскалар
-13,5 тонна өсүмдүк майы
- 430 даана медициналык коргоочу костюм
Нарын облусунда:
-50 тонна ун
-3 тонна өсүмдүк майы
Талас облусу:
-150 тонна ун
-3000 даана медициналык маскалар
Баткен району боюнча:
-150 тонна ун
-10000 даана медициналык маскалар
-9 тонна өсүмдүк майы
Чүй облусу:
-280 тонна ун
-20,000 даана медициналык маскалар
Жалал-Абад облусунда:
-210 тонна ун
-50,000 даана медициналык маскалар
-8 тонна өсүмдүк майы
Ысык-Көл облусунда:
-100 тонна ун
-6 тонна өсүмдүк майы
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg