www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда COVID-19дун жаңы штаммдары барбы? Министрдин жообу

Коронавирустун мутация болгон жаңы штаммы Кыргызстанда табылган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымына караганда, министрлик коронавирустун үлгүлөрүн Москва менен Новосибирск шаарларына мезгил-мезгили менен жөнөтүп турат.

"Бүгүнкү күндө көбүрөөк коркунуч жаратып жаткандары вирустун бразилиялык, британиялык жана түштүк африкалык түрлөрү болууда. Мутация болгон вирус Кыргызстанга баары бир келет, себеби биз башка өлкөлөр менен байланышта, алыш-катыштабыз. Бирок келсе дагы эмдөө баштагандан кийин, кечирээк келсе жакшы болот эле", - деди Бейшеналиев.

Министр дарылар жана жеке коргонуучу каражаттар азыркы абалда алты айга, ал эми кырдаал кыйындап кетсе 1,5-2 айга жетерин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости