www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абылгазиевдин аппарат жетекчиси Самат Кылжыев менен бөлүм башчысы Азамат Араев радио жыштыгына байланыштуу коррупцияга айыпталып, өткөн жылдын соңунда камакка алынышкан. Сот тарабынан булар жакынкы айларда эле биринен сала бири бошоп кеткени кандай? Же расмий маалымат берилбесе, акталдыбы, үй камагына чыгыштыбы? Мындай хохма Кыргызстанда гана болуп жатканы өкүндүрөт.
УКМК коррупцияга айыптап камайт, соттор шектүүлөрдү коё берип жиберишет. Коррупцияга каршы күрөш ушинтип жүрмөк беле? Радио жыштыгы боюнча парламенттен чоң чуу көтөрүлүп, он миллиондогон долларлар желип кеткени айтылган.
Ал эми реалдуу турмушта жазасын албагандар кандай үлгү көрсөтүшмөк эле? Экс-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев дал ушул коррупциялык иш боюнча айыпталып жаткан, бул жагы да дымып калды. Сыягы, «жең ичинен» бүтүп жатабы?..
Булак: Азия News гезити