www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курчуп кетсе, дары-дармек жана медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар эки айга жетет.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-марттагы брифингде билдирди.
«Жасалма дем алдыруучу жабдуулар, ооруну дарылоого керектүү аппараттардын баары жетиштүү. Эгер абал курчуп кетсе биз 2020-жылдагыдай мектеп, клубдарга стационар ачпай, ооруканалардын баарында вирус болгондорду дарылоо үчүн даярданып жатабыз», - деди ал.
Бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда коронавирус катталганына бир жыл болду.
Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү.
Анын 84 031и айыгып чыкты. Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын клиникасында 2020-жылдын 18-мартынан бери жети миңден ашуун адам коронавирус менен ооруп түшкөн.
Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти.
Булак: NazarNews.kg