www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын тышка чыгарууга тыюу салды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков брифингде билдирди.
Анын айтымында, бийлик өлкөдө эң керектүү өнүмдөрдүн тартыштыгын алдын алуу жана алардын бааларын төмөндөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.
«Премьер-министр өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салган буйрукка кол койду. Бул ички рынокко жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна оң таасирин тийгизет деп ойлойм. Бүгүнкү күндө өлкөдө ун, шекер, өсүмдүк майынын тартыштыгы жок», - деди Аскарбек Жаныбеков.
Булак: NazarNews.kg