www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новиков кайсы министрлер кызматтан кетээрин айтты

Биринчи вице-премьер Артём Новиков өлкөдөгү мугалимдер менен мектеп көйгөйлөрүн талкуулап жатып, аларды эч нерсе жашырбай ачык айтууга чакырды.

Эгер көйгөйлөрдү айткан үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кодулоо болсо, жетекчилери кызматтан алына турганын эскертти.

«Бүгүн сиздер менен ачык жана аябай жашкы диалог болот деп ойлойм. Мен атайын министрликтен мектеп жетекчилерин, ата-энелер комитетинин активдүү мүчөлөрүн чакырууну сурандым. Кээ бирлери онлайн түрүндө катышып жатат. Бардык көйгөйлөрдү ушул жерде отуруп кенен талкуулайлы. Мен айткан сөзүңүздөр үчүн министрлик тарабынан эч кандай кодулоо болбошуна кепилдик берем. Эгерде ошондой кылып баштаса, өзүм министрди же орун басарларын иштен алуу үчүн премьер-министрге сунуштама берем. Келгиле, эч нерсени жашырбай, көйгөйлөрдү талкуулайлы», — деди Новиков.

Жыйында мектептеги жаңы окуу программасынан тарта билим берүү мекемелериндеги акча чогултуу маселесине чейин талкууланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости