www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда «Grand Princess» кемесиндеги эки кыргызстандыктын анализи таза чыкты. Бул тууралуу 18-мартта короновируска байланыштуу түзүлгөн республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, АКШнын Калифорния штатындагы жээкте карантинге жабылган «Grand Princess» саякат кемесиндеги эки кыргызстандыкты бир нече жолу текшерүүдөн өткөргөндө экөөндө тең коронавирус аныкталган эмес.

Белгилей кетсек, «Grand Princess» лайнеринде 21 кишиден коронавирус аныкталып,  кыргызстандык эки жаран да бар экени 6-мартта белгилүү болгон.

Эске сала кетсек, буга чейин 3-февралда Япония карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесинде коронавируска кабылды деген бир кыргызстандык 15-февралда Токиодогу Аскердик госпиталда текшерилип, коронавирус жукпаганы аныкталды деген негизде 29-февралда чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости