www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан бир жыл мурун өкмөт чукул жыйын өткөрүп, COVID-19 инфекциясы Кыргыз өлкөсүнө жеткени айтылган. Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйын өткөрүп жатат. Жыйында төмөнкүлөрдү билдирди.

--"Азыркы учурда эпидемиологиялык абал туруктуу дегенден алыспыз. Өзгөрүп жатат. Бирок туруктуу көзөмөлдө турат. Мамлекеттик мекемелер, бийлик тарабынан бүгүнкү жасала турган запастагы дары-дармектер, коргонуучу каражаттар, эгерде керек боло турган болсо медициналык жардам, ооруканадагы орундар, кадрлар маселеси баары жетиштүү. Биз “кара июль” дейбиз, 2020-жылдын июль айында эң көп учур 29 миңден ашуун коронавируска кабылгандар катталган. Анда кандай көйгөйлөр бар экенин көрдүк. Негизгиси үчүнчү толкун болуп калса июль айындагыдай жоготууларга учурабай жеңил чыгып кетүү биздин максатыбыз", - деди Каратаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости