www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздарда макалды таамай айтышат. «Кардын башын кар жутат» -дейт. Бүгүн 11-март токсон чыккан күнү, жамгыр аралаш, сары кар жаап, эски кардын барын шыпырып кетти. Кыргызча айтканда кыш кетти эсептелип, жаз башталат. «Токсон чыгып, томуктай кар калбай калды» - дешчү экен кыргыздар. «Кандын башын кан жутат» -дейт. Арканы аркыратып турган Шабдан баатыр 1912-жылы өлгөндөн кийин, 1950-жылга чейин, кыргыздан эч ким республиканы башкарган эмес. Калмак, орус, хахолдор болсо керек. 1950-жылы республика башына Исхак Раззаков келет, кыргызча айтканда хан болот. «Кандын башын кан жутат» -деген сөз ошондон башталат. Анын ордуна Турдакун Усубалиев келген. Ызы-чуу көп болуп Раззаковдун сөөгү Москвага коюлган, кийин Акаев алып келген. Усубалиев менен Кулматов бийлик талаша кетет. Генсек Константин Черненко менен партмектепте бирге окуган Усубалиев, ал мамлекет башын келер менен Кеңеш мырзаны Москвага кийире кубалаган. Кулматовдун жубайы Сакен Кыдыралиеваны чукуп Токмоктогу Бостоновду таап чыккан. Азыркыча айтканда коррупционер Бостоновго Башкы прокурор Сакен Кыдыралиева «крыша» болгон экен. Сакен Кыдыралиеванын МГУнын юрфагындагы курсташы Михаил Горбачев Черненко кайтыш болор менен бийликке келет. Кулматовдордун ирбити келе баштайт. Алар Усубалиевди кетириш үчүн Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы Апсамат Масалиевди Караколдон Москвага учуруп, республиканын башына алып келет. Аны менен кошо Москвадан Бишкекке түшкөн «десанттар» Киселев, Рябоконь Усубалиевке тынчтык беришкен эмес. Масалиев Акаевди көтөрмөлөп БКга бөлүм башчы, андан кийин Илим Академиясына президент кылат. Акаев президент болгон соң, оппозицияга өткөн Масалиев экөөнүн ортосунда күрөш болот. Акаевди Бакиев, Бакиевди Атамбаев тытмалайт. Атамбаев менен анын кандосу андан кийинки президент Жээнбеков экөөнүн ортосунда кармаш болгону белгилүү.
Кыргыздар “Токсондун түшкөнү жаман, чилденин чыкканы жаман”- дешет. Бул калетсиз сөз. Эсенбай эсепчинин айтуусунда токсон 29- ноябрдан баштап 11- декабрга чейин түшөт. 11-декабрдан 11-мартка чейин токсон күн токсон деп аталат. Ушул мезгилде кар жаап катуу суук болот. Токсон да, чилде да айрым жылдары 3- күндөн 7 -күнгө чейин эрте же кеч келип жылышып калган учурлары кездешет. Негизинен туура эле келет. Жылдыз санап мезгилдин тамырын кармап, кышта жаз, жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болоорун астына ала айтып койгон ата бабабыздан калган өнөр тилекке каршы жок болуп баратат.
Эл ичинде «жалган куранда жалама айран ичилет» -деген сөздүн мааниси, кыштын аягында эрте туулган малдын сүтүн пайдалана баштаган мезгилди билдирет. Үркөр так төбөгө келгенде кыш аяктап калат, андан соң токсон түшөт, ушул учурда жерде тоң кармалып турат. Кыш чилдесинен соң “Кемпир ыйлаактын” ичиркенген суугунан кийин дагы 12 күн 26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. “Токсондогу чалдын” мезгилинде бирде күн жылуу болсо бирде сары карлап, бирде жамгырлайт. Муну “Токсондогу абышка онтоп, ары - бери бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып атат” - деп коюшат. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Токсон чыгып жатканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот экен.
Эсенбай эсепчинин эсептөөсүндө мына ушул токсондун чыгышы да жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу? Жаз эрте келеби же кеч келеби? Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тийеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу? Эсенбай сыяктуу эсепчилер ушул токсондун чыгышын жана кыш чилдесинин ар бир күнүн кандай болуп өткөнүн эсептеп, кандай сыр көрсөтүп жатат деп, өзгөчө эсине сактап байкаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg