www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жыл АКШнын тарыхындагы адам өлүмү эң көп катталган жыл деп аталды. Мындай жыйынтыкка АКШнын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун адистери талдоо жасагандан кийин келишкен.
Андагы маалыматка ылайык, аталган борбордун отчётунда өткөн жылы АКШда 3 миллиондон ашуун өлүм катталган. Бул көрүнүш 2019-жылга салыштырмалуу 15 пайызга жогору болгон.
"Бул өлкөдө адамдардын өлүмүнүн кескин өсүшү 1918-жылдан бери каттала элек болчу. Анда испанка эпидемиясы катталып, жүз миңдеген адам каза болгон.
Залалдуу шишик дарты жана жүрөк оорусунан кийинки эле адам өмүрүн көп алган COVID-19 илдети болуп калды", - деп жазышат чет элдик басылмалар.
Булак: NazarNews.kg