www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СССР убагында өсүп-өнүгүп келе жаткан Кыргыз Республикасы АКШ баш болгон капиталисттердин жетегинде калгандан баштап жок болуу чегине жетти. Капиталисттер орноткон коррупциялык системанын айынан үч жолу элдик революция болуп, 6-президент келди. Конституция 9 жолу өзгөрүлсө, өкмөт 33 жолу алмашылды. Коррупция менен мафиянын уюгуна айланган парламенттин 7-чакырылышы күтүлүүдө. Президент Садыр Жапаровдун келиши менен Кыргызстанды калыбына келтирүү иштери башталып, жаңы Конституция, саясий реформа, коррупцияга каршы күрөш башталды.
Бирок, адегенде СССРди таркатып, андан кийин союздук республикаларды жок кылууну көздөгөн АКШ Россияга карата санкцияларын жаадырып, Россия менен бир туугандык жана достук мамиледе болгон Кыргызстанда коррпуциялык системасын сактап калуу аракетин көрүүдө. АКШ элчиси Дональд Лу аркылуу орустар айткандай «наглым образом» Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүдө. Алтургай кыргыз жараны Камчы Көлбаевге ким компромат тапса, ага 5 миң доллар сыйлык берет имиш, АКШнын «наглыйлыгы» башынан ашып, Кыргызстанды өзүнүн жеке менчик штаты, же болбосо басып алган колониясы катары көрүп алганы байкалып турат.
АКШнын өзүнө жараша мамиле кылган бир гана экс-президент Алмазбек Атамбаев болду. Ал коркпой-үркпөй эле Американын согуштук авиабазасын айдап чыкты го? Анан да ак көңүлдүгүн карматып, чээнден чыгып кеткен элчилигин, көп сандаган НПОлорун калтырып койгон. Сооронбай Жээнбековдун убагында кыргыз тараптын койдой жооштугунан пайдаланган госсекретарь М.Помпео Борбор Азияны түрө кыдырып, Кытай өлкөсүнө каршы үгүттөп жүргөнү бар. Кытай экономикасына көз каранды болгон мусулман өлкөлөрү кожоюн болуп алган М.Помпеонун айтканын угушту, бирок бирөөсү да макул болгон жок. Арам ою ишке ашпаган АКШ Украинанын клоун-президентин пайдаланып, отко май куюп жатышат.
Ал эми Беларусь менен Россияда болсо С.Тихановская, А.Навальный дегендерди колдоого алышып, 84 жаштагы Д.Байден Наполеон менен Гитлер сыяктуу тарыхта калгысы келет көрүнөт. Анын келиши менен Америка эли көтөрүлүп чыгып, капитолийин талкалап, аз жерден өрттөп иие жаздады го? Эми өздөрүн башкара албай жатышып, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкенди ким коюптур аларга?
Элчисинин колуна нота карматып, «шүк отур» деп эскертип коюу ТИМдин колунан келбейби? Же министр Руслан Казакбаев билмексен болуп отура берип, бийликке досу Өмүрбек Бабановдун келишин күтүп жатабы? АКШнын «Каарман аялы» болгон Роза Отунбаева депутаттык ордун бошотуп берген Бабановго жан тарткан үчүн жаны жай албай жатса керек. Кууланган АКШга алданып кыргыз эли колдоп турган Райым Матраимовду жана башкаларын түрмөгө камаса, кыргыз эли көтөрүлүп чыкса, темир жол вокзалынан ылдый түшүп келген Р.Отунбаева менен Д.Ошурахунова баштаган НПОлор кошулса, президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ордуна өз адамдарын алып келүү мүмкүнчүлүгү жаралат.
АКШнын максаты - коррупцияга каршы күрөшүү эмес, тескерисинче, мурдагы коррупциялык системаны кайрадан орнотуу болуп жатат. Мына ушундай сценарийди алдын ала түзүп коюшкан профессионал агенттер коррупция менен мафия чоң чырды баштай турганын эскерте кетүүгө туура келет. Бүгүнкү бийликтин позициясы - карышкыр койду жеп алгысы келсе, байкуш кой достошуп алууну ойлойт окшойт. ОДКБ менен ШОСтун мүчөсү болгон Кыргызстан «жомокто баатыр, жоодо жок» болуп, өзүнүн кулчулук мүнөзүнөн кутула албады. Коррупционерлерди «кустургандан» башканы билбеген УКМКдан сырткары СССР убагындагы КГБ кайрадан түзүлсө, Кыргызстан стабилдүү өлкө болмок.
Булак: Азия News гезити