www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Танспорт, архитектура, курулуш жана навигация министрлигине караштуу «Кыргызаэронавигация» ишканасы башка тармактарга салыштырмалуу коррупциянын сазына өтө эле батып кеткен», - деди бүгүн, 11-мартта NazarNerws маалымат агенттигине Максатбек Алиев.

Максатбек Алиев аталган ишкананын тиешелүү органдардын текшерүүсүн талап кылып, Транспорт министри Гулмира Абдыралиевага жана Башпрокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоду.

«Танспорт, архитектура, курулуш жана навигация министрлигине караштуу көзгө анча уруна бербеген «Кыргызаэронавигация» деген ишкана бар.

Ушул ишкананын Оштогу филиалына сентябрь 2020 жумушка кирүү үчүн резюме бергенбиз.

Ошондон бери эч кандай кат-кабар жок. Бул ишканада кесиптик багытта адистер жок. Адистердин жоктугуна байланыштуу физик мугалимдерди кошумча 1-2 айлык курстарга окутуу менен жумушка ала беришкен. Ал эми адис деп саналган жетекчиси пенсия курагында.

Демек, ардактуу эс алууга чыгып жаштарга орун берүүсү шарт. Тилекке каршы, адистиги туура келбеген кадрлар жана пенсионер, жетекчилер кызмат ордун менчиктеп алгандай туюлат…

Кыргыз-Славян Университетинин Гидрометеорология адистигин бүтүргөн кесиптик багытынын түздөн-түз тиешеси бар жаш кадрды эмне үчүн жумушка алышпайт деген суроо жаралат.

Башка тармактарга салыштырмалуу коррупциянын сазына өтө эле батып кеткенби деген ойдо каласың.

Ушул себептерден бул ишкананы тиешелүү органдар тыкыр териштирип, мыйзам талаасына кайтаруусу керек», - деп билдиген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости