www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу Казакстанда COVID-19га байланыштуу эпидемиологиялык абал бир топ татаалдашып, Нур-Султан менен Алматы шаарлары кайрадан кызыл зонага кирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Мындан улам бул шаарларда чектөөлөр күчөтүлөрү күтүлүп жатат. 9-марттагы маалыматка караганда, эки шаарда 100дөн ашык адам коронавируска кабылган. Ал эми өткөн суткаларда өлкө боюнча 693 жаңы учур катталды.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коңшу өлкөдө вирус жуктургандардын саны жалпысынан 270 миңден ашты.

Ушундай эле кырдаал Борбордук Европада, тагыраагы, Чехия, Венгрия жана Польша мамлекеттеринде жаралууда.

Баарынан алдыда Чехия келе жатат, мында 1 миллион кишиге 15 миң оорулуу туура келди. Польшада бир күн ичинде 17 260 кишиден вирус аныкталды. Былтыркы жылдын ноябрь айынан бери өлкөдө мындай жогорку көрсөткүч каттала элек болчу. Венгрияда бир сутка ичинде 6 миңден ашык кишиден вирус табылды.

Чехияда мектептер менен көпчүлүк дүкөндөр жабык. Ошондой эле ооруканаларда орун аз калгандыктан, мамлекет айрым жарандарын коронавирустан дарылануу үчүн Польшага жиберүүгө аргасыз болууда.

Ошондой эле, өткөн жылы коронавирустан катуу жабыр тарткан мамлекеттердин бирине айланган Италияда дагы февралдын ортосунан тарта COVID-19 жуктургандардын саны акырындык менен өсө баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости