www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус бийлиги курулуш тармагына 1,2 млн. жумушчу жетпей жатканын билдирди. Буга коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын жабык болгону себеп болууда.

9-мартта Орусиянын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Ирек Файзуллин өлкөнүн айрым аймактары жумуш орундарын орус жарандарынын эсебинен толтурууга кудуретсиз экенин айткан.

Орусияга кирүүдөгү чектөөлөрдөн улам көптөгөн курулуш компаниялары өлкөнүн Курулуш министрлигине кайрылып, мигранттарды ишке тартууга көмөк көрсөтүүнү сураган.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык ушул тапта 750 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык каттоодо турат. Расмий эмес маалыматта Орусияда милллиондой кыргыз мигранты жүргөнү айтылып келет.

Расмий маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) 598 млрд. сомду түзгөн. Анын ичинен 197 млрд. сому мигранттар которгон каражат. Башкача айтканда, былтыр эмгек мигранттардан 2,3 млрд. доллар келген. Бул ИДӨнүн 30% түзөт. Анын көбү Орусияда жүргөн журтташтарга туура келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости