www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак үйдүн ичиндеги олтурган Манас Арабаев, Жаңыл Мамбеталы башында турган сот коллегиясына тапшырма бердиртип, К.Самаков, анын бейкүнөө уулу Кубан Самаков жана баласынын жаш досторун мыйзамсыз камакка калтыруу чечимин чыгарган жатат. Бул тууралуу маалыматты Карганбек Самаковдун жакындары билдирди. Алар кошумча:
Урматтуу Сооронбай Шарипович, Манас Арабаев, Алмаз Мааткасымов экөө акча өндүрүү максатына жете албай райондук сот процессинде шашылыш турдө сотту Дамир Назаровго алмаштырып каматты эле. Ал максаттарына шаардык сотто жетебиз деп ниеттенишкен. Ишке ашпай өч алып жатышат. Иш боюнча кыскача маалымат. Бир да далил келтирилген жок. 65 күбө бирдей Самаковго дооматыбыз жок деп айтты. Алардын ичинен тийешелүү Мамлекеттик кызматкерлер трансформация мыйзамдуу болгонун айтышкан. Керек болсо жүздөгөн трансформация токтомдордун эң мыйзамдуусу болуптур. Алар Самаковтор трансформацияга аралашпагандыгын айтышкан жана эч кандай зыян эч кимге келтирилген эмес. Куру жалаанын бири далилденсе Самаковдор тагдырга баш ийели. Далилденбеген соң күрөш али алдыда. Сооронбай Шарипович кылып жаткан Жаңы өзгөрүүлөргө үмүтүбүз чоң!
Урматуу Сооронбай Шарипович, Манас Арабаев менен Алмаз Мааткасымов аттуу серый кардиналдардын жумуштан четтетилишине, жана камакка алынышына учур келип жетти! Жаңы бийликтин атын булгап жатышат. Сооронбай Шарипович, сиз тазаланыңыз, чечкиндүүлүгүңүздү жана принципиалдуулугуңузду көрсөтүңүз. Карганбек Самаковту камашса дагы, жанындагы 5 баланын камалып жатканы бул гумандуулукка, мыйзамдуулукка жатпайт. Алардын 3-4 секелек балдары, оорулуу ата-энелери үйлөрүндө 5 ай чыркырап жатышат, деп жазган Карганбек Самаковдун тарапташтары.
Эске сала кетсек, Карганбек Самаков өзүнө козголушункылмыш ишин төмөнкүдөй билдирген эле.
Урматтуу Мекенин суйгон достор!!
Интернет булактарында менин үстүмөн жабылган жалаа жөнүндө талкуу болуп жаткандыктан иштин чоо жайын кыскача тизмектеп берүүнү туура таптым.
«Өзүмдү өзүм билем – өтүгүмдү төргө илем» - деп адам укугун каалагандай ары калчап – бери калчаган ОППГ – (Организованная Преступная Прокурорская Группировка)нын мүчөлөрү болгон кээ бир Кылычбек Арпачиев, Жеңиш Сейитов, Мирбек Расулов, Рустам Абдырасулов сыяктуу прокурорлор акыркы жылдар ичинде миңдеген мыйзамсыз кылмыш ишин жеке өзүлөрү козгошуп же башка укук коргоо органдарындагы мыйзамсыз иштерди калкалашып бизнес кылышып орто жана чакан ишканалардан акча соруп келүүдө.
4500 мыйзамсыз кылмыш ишин депутаттык комиссия тастыктаган. Мага бул тууралуу көптөгөн материалдар келип түшүп 2015 жылы апрель айында депутат кезимде бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөргөм. Бир ай өтпөй мага иш козголуп мени камап да жиберишкен...
Анда эмесе иш тууралуу айтып берсем..
2001-2015 жылдар ичинде Н.Танаевтен Т.Сариевге чейин баардыгы 46 миң гектар жерлер трансформация болгон экен. 180 ден ашуун токтом менен. Ошонун ичинен мага тийешеси бары 220 гектар, бирок Башкы прокуратура аны 262 гектар деп айтып жатат. Бул жалган. Көрсө ошол эле токтом менен Өкмөт Кара-жыгач айылындагы 42 гектарды дагы трансформациялаптыр. Ал жер бүгүн деле айыл-өкмөттүн карамагында турат. Мына ошол 220 гектар кантип мага өткөн? 2008-жылы биздин үй-бүлөдөн ири суммадагы акча алып ишкердик кылып жүргөн Абай Таштанбеков деген жардамчым алган акчаны төгө албай ордуна 220га жерди өткөрүп берген. Ал жерлердин биз төртүнчү менчик ээси болуп калдык. Биз эчак трансформация болгон жерди алдык. Абай кезинде бул жерлерди менчик ээлеринен сатып алып жатканда ар бир жер ээлеринен расписка жана ыраазычылык каттарын алган экен. Андыктан, алигиче бир дагы саткан адамдан арыз дооматы жок, тескерисинче көбүнө түшкөн акча чоң пайда болгон экен. Бири кредит жапса, экинчиси баласын окутуп, үчүнчүсү унаа сатып алыптыр дегендей...
Мен бул жерлерди майда-чүйдө тилке кылып кардарларга сатып жиберсем көп пайда көрмөкмүн. Бирок тышкы байланшытраымды пайдаланып ири инвестиция тартайын деп чечтим. Кыргызстанда эмне жок? Инвестиция жок. Чет элдик бизнесмен досторумдун бири Швейцария жараны Хатер Масаад менен сүйлөштүм. Ал Рас-Эль-Хайм Эмираттыгы аркылуу инвестиция тартууну сунуштады. Экөөбүз Орто Азиядагы эң ири гольф-проектисин куралы деп чечтик. Казакстан,Өзбекстан, Европа, Кытайдан келип эл аралык турнирлер өтчү гольф шаарча куруп жергиликтүү элди жумуш орду менен камсыз кылып, казынаны салык менен толтурайын деген изги тилек эле... Аны ишке ашыруу үчүн Эмираттарга көп жолу каттадык, Эмирдин өзү менен 2 жолу жолуктум, Эмирдин адамдары Кыргызстанга көп жолу келишти, иш башталды. Бирок тилекке каршы эсиңизде болсо 2009-жылда Дүйнөлүк кризис болуп, ал кризис Бириккен Араб Эмираттарды көп чет мамлекеттик долбоорлорун токтотууга мажбур кылып, жыйынтыгында алар Кыргызстанга инвестиция салуудан сылык баш тартышты. Ошол бойдон баары калып кетти.
2010-жылы апрель революциясынан кийин ал жерлерге көз арткан көзкамандар көбөйдү, мага ар кандай сунуштарды айтып киришти, мен бирине дагы макулдугумду бербей, жок бул жерлерге инвестпроектилерди алып келишибиз керек, жергиликтүү иш орундары, бюджет жана салыктар көбөйсүн деп.
Акыры чогулушуп ошол кездеги премьер министр А.Атамбаевге жөө жомокторду жазышты. Атамбаев болсо атайылап ведомстволор аралык комиссия түздү. Администрация, прокуратура, ГКНБларды камтыган.
2012-жылы баардыгын текшеришип, бул жерлердин баары менчик ээлеринен эки тараптын макулдуктары менен сатып алынып, туура жана мыйзамдуу трансформация болгон деп комиссиянын жыйынтыгын чыгарып А.Атамбаев «Снять с контроля» деген мөөрүн баскан.
Ошентип мен Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошом деп инвестиция тартып келүүнү уланттым.
2012-жылы көптөгөн эл аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде:
Байтик айылынада 84 гектар жерге наркы 150 млн доллар турган 3000 жетим бала окуп жашай турган Мектеп – Академиясы, заманбап спорт комплекси, гостиница, соода борбору, соцкомплекс ж.б. курула турган инвестпроект алып келдик. Муну Нарындагы университетти курган Ага-хан фондусу курат.
Лебединовка айылында 2 гектар жерди Түштүк кореядан келген заманбап күнөскана курууга бергем. 10 гектар жерге Россиядан 45 миң тонна жер жемиш сактачу наркы 60млн доллар турган проектиге бердим.
Эң күлкүлүүсү сабатсыз прокурорлор мени өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна оңдолгус зыян келтирди деп жар салган. Өлкөнүн айдоо аянттарынын фонду 10 млн. 600 миң гектар түзөт, азыркы күнгө чейин алардын 60%ы гана, башкача айтканда. 5 млн. гектары гана араң пайдаланылат. Мага тиешеси бар трансформацияланган 220 гектар жер жалпы жер фондунун 0,002%ын түзөт. Ошондо ким өлкөбүздүн айыл чарба коопсуздугуна көп зыян келтирип отурат: жеринин 60 эле пайызын пайдаланып жаткан мамлекетпи же 0,002% жерди трансформациялаган токтомбу? Биздин соттогу күбө айыл чарба министринин экс-орун басары Кыргызстандын эгемен тарыхында азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирилген жагдай болбогонун , ал эми 2009-жылы тескерисинче, айыл чарба азыктарын өндүрүү өскөнүн билдирди. Бул биринчиден. Экинчиден мен шарт түзүп берген күнөөскана, жемиш сактачу жай азык-түлүк коопсуздугуна тескерисинче өбөлгө түзөт.
Ал эми калган 123 гектар өзүмдүн карапайым элиме берилди. Тим эле Кытайга, же Казакка жер саткандай эле бир беткей каралаштыго..Мага жардам сурап келгендер өтө көп болгондуктан 200дөн ашык участокту, өтө кыйналып жүргөн врач, мугалим,журналист жаңы үйлөнгөндөргө ж.б. муктаждарга белек кылып таратып бергем. Калган жерлерди өз базар баасынан 5-6 эсе арзан кылып 1630 үй бүлөөгө бердим..
Урматтуу Замандаштар айткылачы:
Күнөө кылдымбы же соопчулук кылдымбы?
20 жылдан ашуун бизнес чөйрөсүндө болдум, элге кызмат кылып эч качан бийликке жана байлыкка умтулбадым.
Мен эч качан бир дагы күн мамлекеттик кызматта иштеген жокмун, мамлекеттин бюджетине тиешелүү бир дагы сом, тыйын кармап көргөнүм жок, ошондуктан депутат болуп иштеген үч чакырылыштагы депутаттык ишмердүүлүгүмдү микроскоп менен издеп эч нерсе табышкан жок. Айласы кетип ушул ишти чукушту...
Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси: «Коррупция» - мамлекеттик кызматта иштеп мамлекеттик рычагты колдонуп, мамлекеттен акча жеп, же мамлекетке зыян келтирген адамга козголот.
2007-2010 жылдары мен катардагы бизнесмен болдум. 2007 – жылы Бакиев Парламентти таратып жиберген, ал эми трансформация 2008-жылы 11-октябрда болуптур.
2014-жылы Башкы Прокуратуранын башкы тергөөчүсү Кылыч Арпачиев менен орун басары Мирбек Расуловдор менин үй-бүлөөмдөн ири акчаны өндүрүүнү пландашкан. Аны ишке ашыруу үчүн 2008-жылдагы токтомго кол койгон 12-мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш ишин козгошкон. 2008-жылдагы Аламедин районунун акими Самат Керимкуловду бир күн СИЗОго камашып, Самаковго каршы жалган көрсөтмө бересиңер болбосо баардыгыңарды камайбыз деп коркутушкан. Ал 12- мамлекеттик кызматчылар коркконунан прокурорлор К.Арпачиев, Жеңиш Сейитов, Мирбек Расуловдор өзүлөрүнө ылайык кылып даярдап алышкан сурак протоколдоруна кадимки 1937 жылдагыдай кол койдурушкан. Анан аларга ошол жерден эле: Ооба биз күнөөлүбүз деп ар бирине арыз жаздыртышкан дагы ошол эле жерден жалган тагылган айыптарын угузуп, соттордун укугун өзүлөрүнө алышып, кылмыш ишин КЫСКАРТЫШКАН. Эгерде оозуңардан сөз чыгып чындыкты айтсаңар көргүлүктү көрөсүнөр деп коркуткан.
Баш прокуратуранын тергөө башчысы Кылыч Арпачиев уулуман 300 - миң доллар талап кылып, ар кандай коркутуу үркүтүүлөрдү, опузаларды көрсөткөн.
К.Арпачиев уулума Сен 300 - миң доллар бер, биз сага тийбейбиз, а атаңа иш козгоп көбүрөөк алабыз деген. Айткылачы, кайсыл бала атасына мындай тагдыр каалайт? Уулум ушул коркутуулардан улам АКС ГКНБга арыз менен кайрылып, Арпачиевди карматып жиберген. Ушундан кийин мамлекеттик кызматта иштеп көрбөгөн уулума (2008 жылы ал 23 эле жашта экен) Арпачиевтин орун басары Мирбек Расулов өч алуу үчүн 303-коррупция беренеси менен иш козгоп айып таккан.
К. Арпачиев камалгандан кийин жогорудагы айтылган Мирбек Расулов тергөө тобун жетектеген. Кезинде ага Президенттин Аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун жана жанындагы эки адамдын өлүмүнүн тергөөсү тапшырылган. Алардын өлтүрүлгөнү айдан ачык көрүнүп турса да, аны жол кырсыгына шылтап Расулов чындыкты жашырган экен. Тергөөчү Мирбек Расулов тапшырык менен өлтүрүлгөн журналист Геннадий Павлюктун ишинде дагы фигурант болгон. Экс-депутат Ширин Айтматова Мирбек Расуловду Ахмат Бакиевдин качышына тийиштиги бар деп дагы айыптаган. Кыскасы, “Бакиевтин палачы” каймана аттуу бул жигит мени бакиевчил кылгысы бар...
Сот отурумунда прокурорлор алып келген 60-күбөнүн 60 тең агынан жарылып: Бизди Жеңиш Сейитов, Мирбек Расулов, Рустам Абдырасулов деген прокурорлор коркутушуп, өзулөрүнүн оюндагыдай кылып кол койдурушкан дешти. Биз Самаковду биринчи көрүп жатабыз, тааныштыгыбыз жок, теледен эле көрүп калчубуз деп көрсөтмө беришти. Акыры 61 чи кылып жеке уулума чоң акча карыз Нурлан Асанов деген шылуунду алып келишип негизги күбө кылганга аракет кылды. Ал баланы мен деле жакшы таанычу эмесмин. Баламдын ишенимине кирип, бир жакшы долбоор сунуштап,алдап акчасын кайтарбай жатканынан милицияга арыз менен кайрылган экен. Анан иш козголгондун ордуна айрым прокурорлор аны калканычка алып, биздин үй бүлөбүзгө каршы иштетти. Милиция тергоочусу балама туз эле айтыптыр: кечирип кой, биздин прокурор шефтерибиз жол бербей жатат деп. Менде прокурор Медербек Абдышев ошол Нурлан Асановту сот алдында соттун кабинетине киргизип алып мындай тигиндей сүйлөйсүн деп үйрөтүп жаткан видео жана фото далилдер бар. Кийин Нурлан Асанов чон шылуун экенин билдим. Корсо 2004, 2007,2012, 2013 жылдары алдамчылык, мародерчулук ж. б. беренелери менен ага иш козголуп, коп жыл издөөдо болуп, камалып дагы чыккан экен. 2016 жылы элди арзан турак-жай менен камсыз кылып берем деп элди алдап иш козголуп азыркы учурда издөөдо. Сот Нурлан Асановтон Карганбек Самаковту кайдан жана качантан бери тааныйсын деген суроого 2014 жылдан бери деп жооп кайтарды. Анда сот: сиз кандайча 2008 жылкы окуя боюнча күбө болуп жатасыз десе мен дааратканага чыгып келейинчи деп ошол боюнча сотко келген жок.
Рустам Абдырасулов деген прокурор, Депутаттык комиссиянын жетекчиси Абдумитал Кочкорбаевдин үйүнө барып «Честь Мундира» показанияңызды башкача кыл, чындыкты айтпа же болбосо бирди көрүп калба деп коркуткан.
Мирбек Расулов деген прокурор, мурунку депутат Эсенгул Исаковду колдогонун койбосо “ага дагы иш козгойбуз деп эски кесиптештеринен айттырыптыр. Мына ушундай мыйзамсыздыктар абдан көп болду. Ким кимди кандай коркутуп канча пара алгандарын шашпай ачыктап берем. Булар сөзсүз жоопко тартылыш керек!
Эми Бакиевдер менен байланыш боюнча. Бакиевдердин келишкис душманы О.Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясында 2006 жылдан – 2014 жылга чейин Текебаевдин орун басары болуп иштедим. Эгерде Жаныш Бакиевтин досу болсом, 2007 жылдан баштап 2010 жылга чейин кызмат аркалабай отурмак белем? Калганын өзуңүздөр териштирип көргүлө.
2008-жылдын ноябрь айында ОАЭ эмирдин иниси шейх Тарих Касими баштаган делегация келди. Ал киши өзгөчө кайтаруудагы адам экенин эске алышып Президенттин резиденциясында жайгаштырышты. Ошол эле жерде конгресс холлдо сүйлөшүү жүрүп жатканда, үстүбүзгө Жаныш Бакиев кирип калды. Ал киши биз менен чогу олтуруп, бир аз таанышуу иретинде сүйлөшүү жүргүздү. Анан баардыгы чогуу жана бир бирден сүрөткө түшүштү. Ал жерде баардыгы 100дөн ашуун сүрөт тартылыптыр. Ошол бир топ сүрөттөрдүн ичинен Жаныш Бакиев менен түшкөн сүрөттү прокурорлор алып, ары жагындагы арабтарды, котормочу, протокол кызматкерлеринин, жардамчыларымдын суротторун ж. б. кесип салып мына далил (!) дал ушул жерден 1 млн долл берип трансформация кылган деп жар салып жиберишкен. Бул акылга сыйбаган ишда. Себеби 15 тей адамдын көзүнчө ким ошондой пара бермек эле?
Сот отурумунда кылмыш иши боюнча прокуратура бир дагы далил келтире албай, бул иш толугу менен сынып талкаланды, ошентсе дагы прокуратура мени элге жаман аттуу кылып, К.Арпачиев үчүн өч алуу максатында 19-жыл сурап, болгон ММК менен жамандоого аракет кылды.
2015-жылдын 15-майында мени «Манас» эпосуна арналып өткөрүлүп жаткан иш чарадан Башкы прокуратурага күбө катары эле суракка чакырып жана МУККтун атайын бөлүгүнүн катышуусу менен террористтей кылып камап жиберишкен. Кийинки күнү 500гө жакын колдоочуларым өзү толкуп мени коргоп митингге чыгышкан. Ошондо Октябрь райондук соту мени атайын төмөнкүдөй чектөөлөрү менен: маек бербөө, жакын туугандары менен баарлашпоо жана интернетти пайдаланбоо деген акылга сыйбаган шарты менен үй камагына чыгарууга мажбур болгон. Тарыхта биринчи жолу ушундай талаптардын тизмеги менен үй камагына алуунун жаман жосуну түзүлгөн. Ошондон бери мен өзүмдүн позициямды ачык билдирүүгө мүмкүнчүлүм болгон эмес. Ошондой эле прокурорлор соттук процесстерди видеого тартууну тыюуу салууну соттон суранган. Чындыктын элге жеткенинен ким коркуп атканын ушундан түшүнсө болот...
Мен буларды жазганым силерден жардам сураганым эмес, актануу эмес - тактоо жана чындыкты жеткизүү...
Кылымдарды карыткан кыргыз журтубузду, бүгүнкү саясий, экономикалык кырдаалдан сууруп чыгып элибиздин жашоосун кыйла өзгөртө турган эл аралык чөйрө менен тыгыз байланышкан 4-экономикалык жана социалдык программа иштеп чыктым
Элибизди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча 26- жылдан бери 4-улуттук концепция 3-указ чыккан. Бири дагы иш аткарылган жок. Кыргызстанда 470 миң үй жайы жок үй-бүлөлөр бар, 70%- жаш үй-бүлөлөр. Ушул проблемаларды чече турган 200 миңден ашуун үй-бүлөөнү бекер үй менен камсыздай турган, 9 менин жазган токтомум өттү. Аны өкмөт жанталашып Мамлекеттик Ипотека компаниясынан түзө калып, иштете албай элге уят болду. Бул проектини ишке ашыруунун ачкычы бизде.
Бул үлкөн программаларды ишке ашырууда, президент же премьер министр болуу керек эмес, жөн эле элдин колдоосу керек.
Мен ойлойм мага бут тосуп отургандан көрө, менин эл аралык байланыштарымды колдонуп, эл үчүн чоң-чоң иштерди жазашса болмок.
Урматтуу Мекендештер! Кадырлуу достор!
Мен Самаков Карганбек Садыкович мамлекетибизден бир тыйын алып, зыян келтиргеним жок. Сот отурумунда бир дагы чычкандын мурдундай далил айта алышкан жок. Тескеринче Мамлекет жасай турган ишке: Жасалган иштеримден эч качан колко кылбайм 100-дөн ашык мамлекет менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ыгым-чыгамдарын көтөрүп, мамлекеттик взносторунан бери төгүп, өз чөнтөгүмдөн 1млн. долларга жакын акча коротуп, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине: Манас Эпосун, Ала-Кийиз-Шырдак, Боз-үй, Айтыш, Невакет- Суяб -Баласагун (Токмок - Бурана) киргизип, элиме эл аралык паспорт алып бергендигим үчүн, элиме кызмат кылганым үчүн бүгүнкү бийлик мени соттоп жатышат.
Мен эч кимден коркпоймун - Аллах берген өмүрдү - Аллах алат. Калганын баары убактылуу келип кетүү нерсе…деп билдирген эле камакта жаткан Карганбек Самаков.
Булак: NazarNews.kg