www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Соттун 3-февралдагы токтому менен буга чейин Карганбек Самаковго чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөнү айтылат.
Белгилей кетсек, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыптуу деп тапкан. Мунун негизинде экс-депутатты 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.