www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Каркыра» пунктунун иштөө убактысы узартылды

Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги «Каркыра» өткөрүү пунктунун иштөө убактысын узартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Адам агымынын көбөйүшүнө байланыштуу жана жайкы туристтик мезгилде чек арадан өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 21-июлдан 31-августка чейин өткөрүү пункту күн сайын Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

«Каркыра — автожол» эл аралык автомобилдик өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

Последние новости