www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарынын ишкерлери менен жолугуп, объектти реконструкциялоо маселесин талкуулады.

Жолугушууга Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев, Свердлов районунун прокурору, УКМКнын өкүлдөрү, шаардык архитектура жана шаар куруу, архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыктарынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө базарды 2026-жылдын 1-августунан тарта реконструкциялоо планы каралды. Муниципалитет бул иштер шаардык чөйрөнү жакшыртуу жана борбор калаанын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жүргүзүлөрүн билдирди.

Ишкерлерге базардын айланасында уюштурулган жаңы соода орундарын пайдалануу сунушталды.

Мэр Айбек Джунушалиев реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштеринде ишкерлердин укуктары жана кызыкчылыктары эске алынышы керектигин белгиледи.

«Мадина» базары да бул иштерден четте калбайт.

Бишкекте тартипти күчөтүп, шаардык чөйрөнү жакшыртуубуз керек. Ошол эле учурда ишкерлердин жана базарда иштеген жарандардын укуктары бузулбашы зарыл», — деди мэр.

Жолугушуунун жыйынтыгында ишкерлердин өкүлдөрү бардык маселелерди биргелешип кароо үчүн макулдашуу комиссиясын түзүү сунушун киргизишти. Демилге колдоого алынып, комиссияны үч күндүн ичинде түзүү тапшырылды.

Комиссияны Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек жетектейт. Анын курамына ишкерлердин 7 өкүлү, ошондой эле мэриянын, акимиаттын, архитектура жана шаар куруу, архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыктарынын, юридикалык бөлүмдөрдүн жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.

Комиссия бардык сунуштарды жана көйгөйлүү маселелерди карап чыгып, тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечим кабыл алат.

Жолугушуунун соңунда катышуучулар учурдагы соода жайларын жана сунушталган жаңы орундарды жеринен көрүп, ишкерлерди көчүрүү шарттары боюнча пикир алышты.

Последние новости